Стамбул Йедитепе концерттери башталды

Концерттер бир айга созулат.

1433118
Стамбул Йедитепе концерттери башталды

Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын колдоосу астында кечээ кечинде башталган жана бир айга созула турган "Стамбул Йедитепе концерттеринин" биринчи күнүндө Ажда Пеккан музыка сүйүүчүлөр менен жолугушту.

Коммуникация башкармалыгынын YouTube каналынан жарыяланган концерт Түркия убактысы боюнча саат 21:00 башталды.

Пеккан концерт учурунда президент Режеп Таййип Эрдоганга жана Коммуникация башкармалыгына ыраазычылыгын билдирди.

"Стамбул Йедитепе концерттеринде" 60ка жакын ырчы сахнага чыгат. Концерттер күн сайын саат 21:00дө Коммуникация башкармалыгынын YouTube каналынан көргөзүлөт.



Тектеш кабарлар