Президенттик Түрк аба күчтөрүнүн негизделген күнүн куттуктады

Түрк аба күчтөрүнүн негизделишинин 109 жылдыгы белгиленди.

1427445
Президенттик Түрк аба күчтөрүнүн негизделген күнүн куттуктады
THK.jpg
cumhurbaskanligi.jpg

Президенттик Түрк аба күчтөрүнүн негизделишинин 109 жылдыгын куттуктады.

Президенттиктин расмий Твиттер барагынан берилген бөлүшүүдө: «Түрк аба күчтөрүнүн 109 жылдыгын куттуктоо менен бирге бардык шейит жана газилерибизди урматтоо менен таазим кылып эскеребиз»,делди.

Вице-президент Фуат Октай да, Твиттерден берген билдирүүсүндө, «Эгемендүүлүгүбүз жана келечегибиз үчүн көк асманда өкүмүн сүрдүргөн даңазалуу желегибизди асманда сыймыктануу менен алып жүргөн Түрк аба күчтөрүбүздүн 109 жылдыгы куттуу болсун»,-деди.

Улуттук коргоо министрлиги да Аба күчтөрү командирлигинин негизделген күнүнөн улам инвентардагы учактарга таандык көрүнүштөр орун алган видеону бөлүштү.

Бөлүшүүдө, «Түрк куралдуу күчтөрүнүн ажырагыс бөлүгү, көк асмандын болот канаттуулары Аба күчтөрү командирлигибиздин 109 жылдыгы куттуу болсун»,деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар