Чолпонбек Базарбаев Анкарада эскерилди

Кыргыз Республикасынын Элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте Анкара шаарынын Мамлекеттик опера жана балет театрында кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган эскерүү маданий иш-чарасын өткөрдү.

1330900
Чолпонбек Базарбаев Анкарада эскерилди
чолпонбек2.jpg

2019-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Элчилиги ТҮРКСОЙ менен биргеликте Анкара шаарынын Мамлекеттик опера жана балет театрында кѳрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, СССРдин эл артисти Чолпонбек Базарбаевдин туулган күнүнүн 70-жылдыгына арналган эскерүү маданий иш- чарасын уюштурду.  

Иш-чаранын алкагында, даӊазалуу кыргыз балерини Чолпонбек Базарбаевге арналган эскерүү сѳздѳрү, сүрѳт кѳргѳзмѳсү жана «Ак куу кѳлү» балети тартууланды.

ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Дүсен Касеинов атактуу артисттин ѳчпѳс ѳнѳрлѳрүн белгилеп, кыргыз маданиятында кайталангыс талант экендигин айтып ѳттү.

Эскерүү сѳзүндѳ элчи Кубанычбек Өмүралиев кыргыз балетин дүйнө жүзүнө тааныта алган жылдыздын кыргыз маданиятына кошкон эмгектерин белгилѳѳ менен, Чолпонбек Базарбаевдин ысымы кыргыздын кыйырынан ашып, башка боордош элдерге, чет мамлекеттерге чейин белгилүү болуп таанылып келгендигин билдирди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин статс катчысы Бактыбек Секимов ѳз сѳзүндѳ, Базарбаев өзүнүн таланты, эмгекчилдигинин аркасы менен 32 жашында биринчилерден болуп СССРдин эл артисти наамына татыгандыгын баса белгиледи.

Ошондой эле белгилүү кыргыз балеринасы Айсулуу Токомбаева кыргыз балерини Чолпонбек Базарбаев тууралуу бирге иштеген учурларын жылуу сѳздѳрү менен эскерди.

Маданий иш чарада, Анкара шаарынын Мамлекеттик опера жана балет театрынын башчысынын орун басары Эрсой Девлет балет сүйүүчүлѳрүнѳ Чолпонбек Базарбаев тууралуу эскерүү сѳздѳрүн сүйлѳдү.

Аталган маданий кечеге Чолпонбек Базарбаевдин иниси Кудайберген Базарбаев, Анкарадагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилер, Түркиянын министрликтеринин, ведомстволорунун жана жергиликтүү аймактарынын өкүлдөрү, эл аралык уюмдардын жана коомдук бирикмелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле Түркиянын аймагында жашаган кыргыз жарандарынын диаспораларынын өкүлдөрү жана балет сүйүүчүлѳрү катышты.

 



Тектеш кабарлар