Түрк сериялдары Венргияда чоң кызыгуу көрүүдө

Венгер телекөрсөтүүлөрүндө  берилген ондогон түрк сериялдарынан улам венгерлер түрк маднияты менен салттарын жакындан таануу мүмкүнчүлүгүн табышууда.

1311743
Түрк сериялдары Венргияда чоң кызыгуу көрүүдө

 Венгер телекөрсөтүүлөрүндө  берилген ондогон түрк сериялдарынан улам венгерлер түрк маднияты менен салттарын жакындан таануу мүмкүнчүлүгүн табышууда.

Өзүн Түркия жана түрк сериялдарынын күйөрманы деп мүнөздөгөн 23 жаштагы Адам Даму Анадолу агенттигине берген интервьюсунда түрк сериялдарынын  сценарийлеринин, актерлорунун, кийимдеринин мезгилди мыкты чыгылдыргандыгын, Венгрияда бир топ каналдарда көптөгөн жылдардан бери берилишинин жана чоң кызыгуу көрүшү мунун далили экендигин айтты.

Даму Венгрияда түрк сериялдарына болгон чоң кызыгуудан улам  2013 -  жылы соцтармакта «Сүлейман  - Даңазалуу доор»  күйөрман тобун түзгөндүгүн, топтун бүгүн да миңдеген колдоочусунун бар экендигин айтты.

Көргөн түрк сериялдарынан улам Түркияны сүйгөндүгүн жана соцтармактагы группада көптөгөн маалыттарды бөлүшүп турган Жудит Бан жана Агнес Гласик менен май айында Стамбулга баргандыгын белгилеген Даму : «Стамбулга  барганыбызда өзүбүздү кудум үйүбүздө, өлкөбүздө жүргөндөй сездик. Адамдар, түрк маданияты жана бардык нерсе биздин бир бөлүгүбүз сыяктуу. Сүлеймание мечитинде көптөгөн саат убакыт өткөрдүк. Түркияда  өзүбүздү мыкты сездик»,- деди.

Бир топ түрк сериялдарын көргөндүгүн белгилеген 85 жаштагы Андре Терезия Гёргине болсо түрк сериялдарынын башка өлкөлөрдүн сериялдарынан айырмаланып тургандыгын, темаларынын чыныгы турмушта болгон окуяларга таянышы менен өзүнө тарткандыгын айтты.



Тектеш кабарлар