TRT World Citizen сыйлык тапшыруу аземин өткөрөт

TRT World Citizen тарабынан быйыл экинчи ирет уюштурула турган сыйлык тапшыруу аземи 28-ноябрда Стамбулда болот.

1299379
TRT World Citizen сыйлык тапшыруу аземин өткөрөт

Түркия радио-телеберүү мекемесинин (ТРТ) англис тилиндеги каналы TRT World адамзатка кызмат кылгандарды сыйлыктандырууда.

 TRT World Citizen тарабынан быйыл экинчи ирет уюштурула турган сыйлык тапшыруу аземи 28-ноябрда Стамбулда болот.

Аземде адамзатка берген жардамдары менен дүйнөгө илхам боло турган кишилерге сыйлык берилет.

Билим берүү, коммуникация, өмүр бою ийгилик жана  World Ciziten  болуш үчүн 4 номинацияда сыйлык берилет.

Аземде, өз тармагында айырма жаратып үлгү жана маанилүү эмгектерди жасаган ысымдар катышат.

Өмүр бою ийгилик сыйлыгы адамзатка кылган эмгектери менен дүйнөдө илхам болгон  Cat Stevens  аты менен да билинген Юсуф Исламга тапышырылат.

Юсуф Ислам, азем кечесинде кайрымдуулук уюму Тынчтык поездин да алгач ирет дүйнөгө таанытат.

Иш дүйнөсү, саясат, маданият-искусство жана адамзатка жардам тармактарында дүйнөнүн төрт тарабынан катышуучулар, TRT World Citizen сыйлык аземинде жолугат.



Тектеш кабарлар