Имран Хандын 29-Октябрга карата куттуктоосу

Имран Хан, 29-Октябрь Республика майрамына карата билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоганды жана түрк улутун майрамы менен куттуктады.

1296254
Имран Хандын 29-Октябрга карата куттуктоосу

Пакистандын премьер-министри  Имран Хан,Түрктөрдүн жигитче турушунун дүйнө жүзүндө миллиондогон адамга илхам булагы болгонун белгиледи.

Имран Хан, 29-Октябрь Республика майрамына карата билдирүүсүндө президент Режеп Таййип Эрдоганды жана түрк улутун майрамы менен куттуктады.

Хан, президент Эрдоганга кайрылып жазган Республика майрамын куттуктоо билдирүүсүндө, өтмүштө астыңкы материк мусулмандарынын түрк улутунун жанында орун алышынын пакистандыктар үчүн сыймыктануу булагы болгонун белгилеп кетти.

Астыңкы материк мусулмандарынын түрк калкынын жанында орун алышы менен орток ишенич жана маданияттын бүгүнкү жакын карым-катнаштардын булагы болгонун айткан Хан: «Бул тарыхый күн, Түрк улутунун империалист күчтөргө каршы эрдигин жана артынан өнүгүү жана эркиндик жолунда илгерилөөсүн символдоп турат. Түрктөрдүн жигитче турушу дүйнө жүзүндө миллиондогон адамга илхам берди. Пакистан, Түркияны жакын дос жана тууган катары көрөт. Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы тарыхый байланыш, элибиздин пайдасы, аймагыбыздын тынчтык жана өнүгүүсү үчүн дагы тереңдештирүүнү чыдамсыздык менен күтүүдөбүз. Көп жаша Түркия, көп жаша Пакистан-Түркия туугандыгы»,-деп билдирди.



Тектеш кабарлар