Элчи К.Өмүралиев Антальяда мекендештер менен жолукту
2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
![Элчи К.Өмүралиев Антальяда мекендештер менен жолукту](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8e8d/6857/2b8c/5da8d3b4ce3bb.jpg?time=1718808131)
![омуралиев анталья2.jpg](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8533/45f7/32ef/5da8d45ba2404.jpg?time=1718808131)
2019-жылдын 16-октябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Анталья шаарындагы Кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушууга Түркия Республикасынын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын өкүлү да катышып, Кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, Түркиянын аймагында Кыргыз жарандарын легалдуу эмес жолдор менен жумушка орноштурууну түздөн түз Кыргызстандын аймагында жок кылуу жана адам сатуу маселелери талкууланды. Мындан сырткары, Түркиянын аймагындагы жарандардын укук жана милдеттерин камтыган брошуралар таратылды.
Кыргыз жарандары менен болгон жолугушуу учурунда, Элчи Антальянын Губернатору, Анталья шаарынын мэри жана Түркия Республикасынын Анталья аймагынын миграция башкармалыгынын башчысы менен болгон жолугушууларда Кыргыз жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкуулангандыгы тууралуу маалымат берди.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718808131)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718808131)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.