Орус туристтер кивинин түшүмүн жыйнашты
Бакчада иштеген жумушчулар менен киви чогулткан туристтер абдан көңүлдүү күн өткөрүштү.
Антальянын Газипаша районунда мындан мурда бир гана жашылча-жемиш саткан жерлерде көргөн кивинин кандай өскөнүн жана жыйналганын өз ордунда көрүп ага катышкан орус туристтер көңүлдүү күн өткөрүштү.
Райондун борборунан 18 чакырым алыстыктагы Гөрүш мааласында дыйкандардын киви жыйноосун 15 орус турист да коштоп жүрдү.
Бакчада иштеген жумушчулар менен киви чогулткан туристтер абдан көңүлдүү күн өткөрүштү.
Туристтер тобуна меймандостук кылып жүргөн Лилия Мутлутүрк, мындан мурда барган киви бакчаларын жолдошторунун да көрүүсүн сунуштаганын айтты.
Кивини Орусияда бир гана жашылча-жемиш саткан жерлерде көргөндөрүн баса белгилеген Мутлутүрк: «Орусияда тропикалык мөмөлөр өспөйт. Бакчаларда өз колубуз менен киви үзүп жыйнадык. Абдан сонун күн өткөрдүк. Бул жер биз үчүн абдан сонун жаңылык болду»,-деди.
Наиля Шафикова болсо киви багын мындан мурда эч көрбөгөнүн жана кандай өскөнүн билбегенин айтты.
Ольга Муравьева да: «Кивинин кандай өскөнүн билчү эмесмин. Киви картошка сыяктуу жердин астында өсөт деп ойлогом. Жүзүм сыяктуу экенин эч ойлобоптурмун. Мага абдан кызык болду. Түрк адамдарды абдан күжүрмөн экен. Түрктөрдү абдан жакшы көрөм»,-деп айтты.
Бакчанын ээси Жемил Йылдыз, жаңы сезондогу киви жыйноосун баштагандарын, туристтер көрсөткөн кызыгуудан улам кубангандарын айтты.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.