Нью - Йорктун Таймс аянтында ашура таркатылды

Консулдук тарабынан "The Day of Ashura" деп аталган иш чарада көчөдөн өткөндөргө ашура таркатылды.

1275438
Нью - Йорктун Таймс аянтында ашура таркатылды
asure times meydani.jpg

Түркиянын Нью – Йорк башкы консулдугу АКШнын Нью – Йорк шаарындагы Таймс аянтында ашура таркатты. Консулдук тарабынан "The Day of Ashura" деп аталган иш чарада көчөдөн өткөндөргө ашура таркатылды.

Нью – Йорктун саналуу жерлеринен Али Баба рестораны тарабынан Таймс аянтынын эл көп болгон жерлеринин бирине коюлган столго тизилген ашураларга аянттагы америкалыктар, туристтер менен аймакта кызмат кылган Нью  -  Йорк полициясы чоң кызыгуу көрсөттү.

Нью – Йорк башкы консулдугунун талабы менен бул жылы экинчи жолу ашура таркатышкандарын белгилеген Али Баба ресторанынын ээси Али Рыза Доган англис тилинде "Noah's pudding" деп аталган ашурага чет элдиктердин чоң кызыгуу көрсөткөндүгүн айтты. Доган бул жылы 2 миң 500гө жакын ашура идишин даярдашкандарын белгилеп булардын 1000 даанасын Таймс аянтында, 500 даанасын  Уолл-стриттеги Боулинг Грин паркта, калганын да Борбордук паркта таркатышарын билдирди.



Тектеш кабарлар