Англиянын эл өкүлдөрү Гөбеклитепени кыдырды

“Юнус Эмре” институту жана Англия-Түркия саламаттыкты сактоо биримдигинин (ITSEB), Англия парламентинде активдүү түрк группасын түзүү максатында уюштурулган  иш-чаранын алкагында Түркияга келген 4 англис эл өлкүлүнө Шанлыурфа көрсөтүлдү.

1249531
Англиянын эл өкүлдөрү Гөбеклитепени кыдырды

Түркияга келген Англиялык парламент мүчөлөрүн Шанлыурфага Бириккен Улуттар Уюмунун Билим Берүү, Илим жана Маданият уюму (ЮНЕСКО) Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген  Гөбеклитепеге алып барышты.

“Юнус Эмре” институту жана Англия-Түркия саламаттыкты сактоо биримдигинин (ITSEB), Англия парламентинде активдүү түрк группасын түзүү максатында уюштурулган  иш-чаранын алкагында Түркияга келген 4 англис эл өлкүлүнө Шанлыурфа көрсөтүлдү.

“Тарыхтын башталуу чеги” деп эсептелинген жана ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган Гөбеклитепеге келген эл өкүлдөрүнө урандылар тууралуу маалымат берилди.

“Юнус Эмре” институтунун Англиядагы мүдүрү  Мехмет Каракуш Түркиянын чет өлкөдө танытылуусу үчүн түрдүү иш- чаралар өткөрүлө тургандыгын белгилеп, бул иш-чара алкагында Англия парламентинен 4 эл өкүлү Түркияга чакырылгандыгын айтты . Шанлыурфа жана Газиантепке кезүү сапарларын ишке ашыргандыгын айткан Каракуш “Ноябрь айында да 5 эл өкүлүн чакырганбыз, бул ирет дагы бийлик партиясынан 4 эл өкүлүн Туркияга алып келдик. Түркия жөнүндө туура маалыматтарды алсын жана бул жерде көрүп-уккандарын Англияда башкалар менен бөлүшүүсүн кааладык”,- деди.

ITSEB жетекчиси Али Демирбаг болсо, бул сапардын максаты эки өлкө арасындагы иш алып баруунун өркүндөтүү болгонун айтты. Англия консерватордук партиянын өкүлү Шеррил Муррай  Түркия өлкөсүндөгу Сириянын ички каршылыктарынан  улам келген качкындарга жасалган иштер ыраазылылыкка татыйт.

Гөбеклитепени көрүү мүмкүнчүлүгү үчүн кубанганын билдирген Муррай: “ Миң жыл мурун адамдардын болгон жеринде азыр мен тургандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Бул  маанилүү казууну ишке ашыргандарды куттуктайм!”-деди.

 



Тектеш кабарлар