Иран чоң көлөмдөгү килемин таанытты
Колго токулган килем үчүн 70 түрдүү боек колдонулду.
1246611
![Иран чоң көлөмдөгү килемин таанытты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/136b/c0fc/6192/5d43db8225e7b.jpg?time=1719079189)
Иран чоң көлөмдөгү килемин таанытты. Бул колго токулган дүйнөдөгү эң чоң килем болуп саналат.
600 чарчы метрдик килем, президент Хасан Рухани ачылышын ишке ашырган Тебриз эл аралык килем жарманкесинде көргөзмөгө коюлду.
Бир бөлүк түрүндөгү колго токулган килем үчүн 70 башка боек колдонулду.
Салмагы 3 тонна болгон жана 6 жылда токулган килем, Тебризде 4-авгуска чейин улана турган жарманкеде көрсөтүлөт.
Иран медиасы аты аталган килемди «бир бөлүктөн турган колго токулган дүйнөдөгү эң чоң килем» деп сыпатташууда.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1719079189)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.