Элчи Өмүралиев менен Эрсой маданият жана туризм боюнча пикир алмашты
Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушуусу болуп ѳттү.
2019 -жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой менен жолугушуусу болуп ѳттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана туризм тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун абалын, анын ичинде ТИКА жана Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB) менен болгон кызматташууларды талкуулашты.
Тараптар Кыргызстан менен Түркия элдерин тарыхый, маданий жана тилдик жакындыгы менен байланыштырып турган стратегиялык ѳнѳктѳш экендигин баса белгилешти.
Туристтик бизнесте мол тажрыйбасы бар Мехмет Нури Эрсойду К.Өмүралиев үстүбүздѳгү жылдын август айында Кыргызстанга министр катары да, туризм тармагындагы эӊ чоӊ инвестор катары да чакырды жана үстүбүздѳгү жылдын ноябрь айында боло турган “Ош шаары - түрк дүйнѳсүнүн маданий борбору” эл аралык долбоорунун расмий жабылышына чакырды.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.