Элчи Өмүралиев кыргызстандык студенттер менен

КРнын Түркиядагы Атайын жана Толук Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын “Türkiye Bursları” деп аталган программасынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ диплом тапшыруу салтанаттуу аземине катышты.

1235595
Элчи Өмүралиев кыргызстандык студенттер менен
studentter-YTB-elci2.jpg

2019-жылдын 3-июлунда Кыргыз  Республикасынын  Түркиядагы  Атайын  жана Толук               Ыйгарым  Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Маданият жана туризм министрлигинин алдындагы Чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын “Türkiye Bursları” деп аталган программасынын бүтүрүүчүлѳрүнѳ диплом тапшыруу салтанаттуу аземине катышты.  

            Салтанаттуу аземге Президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, маданият жана туризм              министри Мехмет Нури Эрсой, чет ѳлкѳдѳгү түрктѳр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын башчысы Абдуллах                  Эрен катышты.

            Бүтүрүү дипломдорун 165 ѳлкѳдѳн, анын ичинде Кыргызстандан да алышты. Элчи К.Өмүралиев бүтүрүүчүлѳрдү диплом                алышы менен куттуктап, келечекте элге кызмат кылууларына жана мындан ары өсүп-ѳнүгүүлѳрүнѳ ийгиликтерди каалап кетти.

            Маалымат катары: Учурда “Türkiye Bursları” (Түрк стипендиялары) программасы боюнча ѳз эсебинен же болбосо                        стипендия боюнча 182 ѳлкѳдѳн 150 миӊ студент Түркияда билим алышууда.

 



Тектеш кабарлар