Фазыл Сай менен Шанхай филармониялык оркестри чогуу сахнага чыкты
Стамбул музыка фестивалы өткөрүлдү.
Стамбул маданият-көркөм өнөр фонду тарабынан уюштурулган 47-Стамбул музыка фестивалынын жабылыш концертинде, Фазыл Сай менен Шанхай филармониялык оркестри чогуу сахнага чыкты.
Шанхай филармониялык оркестри, «Лүтфи Кырдар» атындагы конгресс жана көргөзмө сарайында өткөрүлгөн концертте Түркиядагы музыка сүйүүчүлөр менен биринчи жолу жолугушту.
Ушул күнгө чейин көптөгөн өлкөдө концерт койгон Фазыл Сай эки бөлүмдөн турган концертинин биринчи жарымында Бетховендин 3- фортепианалык музыкасын тартуулады.
Шанхай филармониялык оркестри да биринчи жарымда Е. Сяогандын "The Fading Gingkgo Biloba" чыгармасын аткарды.
Оркестр, музыка сүйүүчүлөрдүн кызыгуусун тарткан концерттин экинчи жарымында болсо Антонин Дворжактын 6- Симфониясын аткарып берди.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.