Анталиядагы "Кыргыз эли" коому Йөрүктөрдүн фестивалында

"Кыргыз эли" коому жана жаш таланттарыбыз фестивалда болуп кайтты.

1228324
Анталиядагы "Кыргыз эли" коому Йөрүктөрдүн фестивалында
кыргыз эли коому-йөрүклер1.jpg

2019-жылдын 29-30-июнь күндөрү Анталия менен Ыспарта облустарынын арасындагы Чайыр жайлоосундагы 32-фестивалына "Каракоюнлу Йөрүклер" коому тарабынан биздин "Кыргыз эли" коомубуз чакыруу алып жалпы эмгек жамаат жана таланттарыбыз менен барып жемиштүү кайтты. 


Аталган фестиваль 32 жылдан бери дал ушул Чайыр жайлоосунда болуп келип бул жылы Кыргызстандын дагы аты жаңырып эл жылуу кабыл алды. Биринчи күнү жалпы он алты коом катышып өз ара таанышуу болду. Коомдор Измир, Афйон, Анкара шаарларынан жолдун узактыгына карабай келишкен. Анталия шаарынан барган жамаатыбыз болсо беш сааттык жол басып фестивалга катышуу үчүн барышкан. 


Эртең менен жагымдуу Түрк ырлары жандуу музыкалык аспаптар аркылуу аткарылып ырдалып жатты. Саат: 10:00 дө коом башчысы Мустафа Куш өз сөзү менен фестивалды расмий түрдө ачты. Алыстан жакындан келген коомдор өз ыр белектерин жана сөз белектерин арнап концерттик программа старт алды.

"Кыргыз эли" коому өз убагында келип Кыргыздын желеги менен сахнага чыгып жалпы жамаат менен биргеликте эл менен учурашты. Коомубуздун жетекчиси Рыскүл Кадырова өз сөзүндө: "Биз дайым бир тууганбыз. Тилибиз жана динибиз окшош, эч качан ортобузда жагымсыз окуялар болбосун дайыма ынтымак болсун. Жайлоодо, табият койнунда өткөн бул фестивалда мен өзгөчө балалыгымды эстедим. Чакырууңуздар үчүн жалпы эмгек жамаатыңыздарга терең ыраазычылык билдирем”,-деп айтты жана башка туугандык сезим коштогон сөздөрүн кошумчалады. Андан соң "Каракоюнлу Йөрүклер" коомунун башчысы Мустафа Куш, Рыскүл айымга өз белектерин жана грамотасын тапшырып кубанычын жашырган жок. 
Кыргыздын ырларын жаңырткан Бексултан Алимбеков, Орозбек Тоялиев, Гүлжан Усупбаева Түрк элинин делебесин козгоп, кубандырды. Программа аягында фотосессия жана жылуу коштошуу болуп кийинки жылдары дагы бирге болуу тилеги менен сапар карыды.

"Кыргыз эли" коомунун жалпы жамааты, маданият жана маалымат бөлүмү

Анталия шаары, 30.06.2019



Тектеш кабарлар