Орусияда түрк кино күндөрү

Орусияда Москва Юнус Эмре Институту тарабынан уюштурулган Санкт  -  Петербург түрк кино күндөрү башталды.

1221410
Орусияда түрк кино күндөрү

 Орусияда Москва Юнус Эмре Институту тарабынан уюштурулган Санкт  -  Петербург түрк кино күндөрү башталды.

Түркия  - Орусия бири бирине карата маданият жана туризм жылынын негизинде Юнус Эмре Институту жана Түркиянын Санкт - Петербург башкы консулдугунун кызматташуусу менен «Родина» кино  театрында өткөрүлгөн ачылуу программасына Түркиянын Санкт -  Петербург башкы консулу Юнус Белет, Москва Юнус Эмре Институтунун директору Өмер Өзкан менен көп сандаган түрк жана орус жарандар катышты.

Башкы консул Белет иш чаранын Петербургда биринчи жолу өткөрүлгөндүгүн жана мунун түрк маданиятын таанытуу үчүн бир башталгыч болгондугун айтты.

Москва Юнус Эмре Институтунун директору Өзкан да мындай иш чаралардын кийинки мезгилдерде дагы бат  - бат өткөрүлөрүн белгиледи. Ачылышы режиссер Осман Сынавдын «Узун аңгеме» аттуу киносу менен башталган Түрк кино күндөрүндө үч күндө 7 кино, орус тилинде субтитр менен кино сүйүүчүлөргө тартууланат.



Тектеш кабарлар