Кыргыз композитору Райхан Бейшеналиева Анталияда

Түркиянын Анталия шаарына Кыргыз композитору Райхан Бейшеналиева келди.

1216061
Кыргыз композитору Райхан Бейшеналиева Анталияда

Мыкты чыгармаларынын атын атап отурбай бир гана "Асман" аттуу ырын айтканда баарыбыз таанып алабыз, аталган чыгарманын обонун жазган Кыргыз композитору Райхан Бейшеналиева мекендештерди куттуктап айт майрамына келди. 
Ооба, Кыргыз эстрадасында алгачкы жолу асман жөнүндө ыр жазылып жарык чыгышы биз үчүн чоң жаңылык болгон. Азыркы убакка чейин эстен чыкпай жүрөккө жеткен бул чыгарманы КРнын эл артисти Гүлнур Сатылганова аткарган. Мына ушул жума ичинде болсо айт майрамы менен куттуктап автордун өзү биздин коногубуз болду. "Кыргыз эли" коомунун жамааты кубануу менен тосуп алышып жакындан таанышкандыгын коом башчысынын жардамчысы Калбаева Нургүл кабарлады. 
Маданият жетекчибиз Бексултан Алимбеков төмөндөгүлөргө токтолуп өттү: "Мындай таланттуу инсан менен жолугуу мен үчүн чоң кубаныч тартуулады. Чыгармачылдардын жан дүйнөсү таза назик экендигин билебиз. Ал эми Райхан айымдын ак көңүлдүүлүгү жана кыргыз музыкасын жүрөгүндө сактап аны нотанын боёктору менен боёп элге жеткирип жаткан жан дүйнө ээси эки эсе аруу адам экендигин айтсам жаңылбайм. Алдыда мындан дагы бийик чыгармаларды тартуулай берүүсүн жана ден-соолукта болуусун каалайм" -дейт Б.Алимбеков
Эки чыгармачыл дүйнөнүн пикир алышуусу эстрадада мыкты жаңылыктардын болуусуна өбөлгө болот деген үмүттөбүз. 
Алдыда дагы көптөгөн жаңылыктар менен бөлүшүп турууга убада берген биз маданият жана маалымат бөлүмү сиздерге жагымдуу кеч каалайт.

Анталия шаары, 07.06.2019



Тектеш кабарлар