Түркиядагы «Чет өлкөдөгү жаш лидерлер» программасына кайрылуулар башталды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы(YTB) тарабынан чет өлкөдө жашаган жаштардын билим алуу жана социалдык турмушундагы ийгиликтеринин колдоого алынышы үчүн уюштурулган «Чет өлкөдөгү жаш лидерлер» программасы...

1212588
Түркиядагы «Чет өлкөдөгү жаш лидерлер» программасына кайрылуулар башталды

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы(YTB) тарабынан чет өлкөдө жашаган жаштардын билим алуу жана социалдык турмушундагы ийгиликтеринин колдоого алынышы үчүн уюштурулган «Чет өлкөдөгү жаш лидерлер» программасына кайрылуулар башталды.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) жазуу түрүндөгү жарыясына караганда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн жаштардын өзү жашаган өлкөлөрүндө маданий, саясий, экономикалык жана социалдык турмуштарында ийгиликтүү болуулары максаты менен уюштурулган «Чет өлкөдөгү жаш лидерлер» программасына кайрылуулар башталды.

Жаштардын жашаган өлкөлөрүндө таасирдүү милдеттерди алып, роль модель боло турган инсандар катары жетилүүсү максатталган программада, ар башка өлкөлөрдө  билим алуу жана социалдык турмушта ийгиликке жетишкендер тандалып ар түрдүү билимди алышат.

Орто билим алуусун чет өлкөдө бүтүргөн жаштар кайрыла ала турган программада катышуучулардын 1993-жылдын 1-январынан 1999-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта төрөлгөн болуу шарты бар.

Германия, АКШ, Австрия, Австралия, Бельгия, Улуу Британия, Дания, Финляндия, Франция, Нидерландия, Швеция, Канада, Норвегия же Италияда бакалавриат же магистратура билимин алган болуулары кайрылуу шарттарынын арасында орун алган.

Программа убагында катышуучу жаштар жеке өзүнүн өнүгүүсүнө салым кошо турган билимдерди алат жана семинарларга катышат. Жаштар айрыкча саякат программалары аркылуу тарыхый жана маданий мурастарды ордунда көрүү мүмкүнчүлүгүн табат.

Кайрылуулары 20-июлда аяктай турган программа, 18-31-август күндөрүнүн арасында Анкара жана Стамбулда ишке ашырылат.



Тектеш кабарлар