Гөбеклитепе Түркиянын таанытылышы жагынан абдан маанилүү
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана тарыхтагы белгилүү алгачкы отурукташуу аянты болгон Шанлыурфадагы Гөбеклитепеге барды.
![Гөбеклитепе Түркиянын таанытылышы жагынан абдан маанилүү](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/58e6/fd60/2326/5cebd25b10cbc.jpg?time=1718813130)
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана тарыхтагы белгилүү алгачкы отурукташуу аянты болгон Шанлыурфадагы Гөбеклитепенин Түркиянын таанытуу жүздөрүнөн бири боло турганын айтты.
Министр Эрсой, Түркия этабынын башы Стамбулдагы Султанахметте берилген жана мурдагы күнү 2019-жылдын Гөбеклитепе жылы деп жарыяланышынан улам Шанлыурфага барган «Europa-Orient/Чыгыш-Батыш достук жана тынчтык раллиси» тобун 11-апрель спорт залынын жанындагы лагерь аянтына барып жолукту.
Андан соң ралли унаасынын айдоочу орундугуна олтурган Эрсой, спортчулар менен шаарды айланды.
Турду Гөбеклитепеде бүтүргөн министр Эрсой жана ралличилер, уранды жерин кыдырып тийиштүү кызматкерлерден маалымат алышты.
Маданият жана туризм министри Эрсой, сапардан кийинки маалымдоосунда Гөбеклитапага чоң маани бергендерин белгилеп, таанытуу үчүн дүйнөнүн төрт тарабында реклама акцияларын жүргүзгөндөрүн айтты.
Europa-Orient/Чыгыш-Батыш достук жана тынчтык раллиси тобу дагы бул жагынан алганда абдан маанилүү экенин айткан Эрсой: «Мындай түрдөгү уюштуруулардын Түркиянын таанытылышы жагынан, маалыматтандыруу жагынан абдан чоң пайдасы бар»,-деди.
Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, быйыл чет өлкөдө жүргүзгөн иштердин оң жыйынтыткарды бергенин билдирип, «Өзгөчө январь айынан баштап катары менен Германия,Орусия, англияда санариптик чөйрөдө абдан тыгыз таанытуу жасоодобуз. апрель айынын көрсөткүчтөрүн иликтеп чыктым 24 пайыздык киши санында өсүү бар. эң көп өсүү болгон өлкө 48 пайыз менен германия, экинчи 34 пайыз менен орусия, үчүнчүсү 31 пайыз менен англия. булар январь айынан тарта абдан көп таантыуу кылган өлкөлөр. демек таанытуу таасирдүү болууда»,-деп айтты.
Эрсой, таанытуу иш-чаралары улана турганын кошумчалады.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718813130)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718813130)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.