Түркияда билим алып жаткан орто эсеп менен 170 өлкөдөн миңдеген студентке стипендия берилүүдө

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, кечээ Германиянын Мюнхен шаарында жана Косовонун Призрен шаарында ифтар программасында Түрк атуулдары менен жолукту.

1208361
Түркияда билим алып жаткан орто эсеп менен 170 өлкөдөн миңдеген студентке стипендия берилүүдө

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, мурдагы күнү  Эл аралык Демократтар Биримдигинин (UID)  Германиянын Мюнхен шаарында уюштурган ифтар программасында Түрк атуулдары менен жолукту.

Абдуллах Эрен, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB)  тарабынан Түркияда билим алып жаткан орто эсеп менен 170 өлкөдөн миңдеген студентке стипендия берилип жатканын эске салды.

Эрен, бул студенттердин арасынан чыккан серб тектүү стипендия ээлери эс алуу сезонунда Европада жашаган түрктөргө жардамчы боло тургандарын да кеп кылды.

Быйыл алгач ирет Сербиянын чек араларында Түрк полициясынын формасын кийген кызматкерлер кызмат өтөй турганын айткан Эрен: «Бул эс алуу сезонунда Түркияга саякат кылган европалык түрктөр үчүн Сербиянын чек арасында үчтөн Түрк полициясы жана түркчө-сербче билген эл аралык студенттерибиз болот»,-деди.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын 2010-жылы президент Режеп Таййип Эрдогандын премьер-министрлиги убагында курулганын жана чет өлкөдөгү Түрктөр менен институттук түрдө алектенгендерин белгилеген Эрен: «Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы катары үч негизги тармакта иш алып баруудабыз. Булардан эң маанилүүсү чет өлкөлөрдөгү атуулдарыбыз жана алардын маселелери менен алектенүү болуп саналат. Европадагы Түрк коомчулугу ар түрдүү каршы чыгууларга карабастан жашоосун улантууда. Европадагы Түрктөрдүн өз буттарында туруп жана эне мекенге саясий жана коомдук салым кошо алгыдай күчтүү түзүлүшкө ээ болушу үчүн биз эмне кылышыбыз керек? Биз мекеме катары ушул маселе боюнча эмгектенүүдөбүз. Мекемебиздин таанылышын жана билинишин дагы көп арттыруу далалатын кылуудабыз»,-деди.

Чет өлкөдөгү Түрк коомчулугу сан жагынан алганда бир топ майда өлкөлөрдөн көп болгонуна шилтеме кылган мекеменин төрагасы Абдуллах Эрен: «Бул атуулдарыбыздын маселелерин чечиш үчүн мекемелер жана министрликтер багытында иш алып баруудабыз. Ошондой эле эл өкүлдөрүбүз менен дагы тыгыз иштешүүдөбүз»,деген серебин салды.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, аты аталган эмгектерге токтолуп жатып, адам укуктары темасында да билим берүү программасын уюштургандарын белгилеп өттү.

Мюнхенде уюштурулган ооз ачуу программасына Мюнхендеги башкы консул Мехмет Гүнай жана орто эсеп менен 250 чакты чакырылган катышты.

Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, ифтар программасынан кийин бул жердеги Түрк жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрү менен жолукту.

Бир тараптан Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгы (YTB), Түркия бүтүрүүчүлөрү биримдиги (TÜMEB) кызматташтыгында Косовонун түштүк-батышында орун алган Призренде кечээ ифтар программасы уюштурулду.

«Көңүл коюлган аймак маданият жолугушуулары» долбоорунун алкагындагы ифтарга, Чет өлкөдөгү түрктөр жана тектеш коомчулуктар башкармалыгынын (YTB) төрагасы Абдуллах Эрен, Косовонун аймактык өнүгүү министри Расим Демири, Коомдук башкаруу министри Махир Ягжылар, Түркиянын Приштинадагы элчиси Чагры Сакар, Призирендеги башкы консул Эйлем Алтуня, TÜMEB төрагасы Амир Кулета, Түрк уюм жана мекемелеринин өкүлдөрү, эл өкүлдөрү жана Түркия бүтүрүүчүлөрү катышты.

Эрен бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, Түркия менен Косовонун маданий жана тарыхый жакындыгынын башка өлкөлөр менен салыштырылбагыдай түрдө көп экенин айтты.

Түркиянын ар дайым Косовонун өнүгүүсү, ырааттуулугу жана тынчтыгы үчүн иштегенин белгилеген Эрен: «Бүгүнкү күндө да Косовонун саясий абалы бизди абдан жакын кызыктырат. Биз да мекеме катары бул жердеги тектештерибиз баш болгон Косоводогу бардык коомчулуктар менен биргелеше карым-катнаштардын өнүктүрүлүшүнө салым кошууга аракет кылуудабыз»,-деди.

 

 



Тектеш кабарлар