Вандагы фестиваль үчүн даярдыктар аяктады

Фестивалга жергиликтүү жана чет элдик 50 миң кишинин катышаары күтүлүп жатат.

1207455
Вандагы фестиваль үчүн даярдыктар аяктады

Вандын Эржиес районунда уюштурулган «9-Эл аралык Инжи кефалинин өрдөшү маданият жана көркөм өнөр» фестивалы үчүн даярдыктар аяктады.

Даярдыктардын алкагында «Инжи кефали» деген балыктардын суунун агымына каршы сүзүүсү эң жакшы көрүнгөн жерлердин бири болгон Бендимахи дарыясынын жээгинде стенддер курулду.

Элдик билим берүү борбору, Аялдар коомчулугу борбору жана райондогу мектептердеги үйрөнчүктөрдүн кол эмгектери сатууга коюла турган аянтта ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Аким Нури Мехметбейоглу билдирүүсүндө, фестиваль үчүн даярдыктардын аяктаганын айтты.

Таттуу сууларга уруктарын чачуу үчүн суунун агымына каршы сүзгөн балыктардын бул татаал жол жүрүүсүн бүткүл дүйнөгө көрсөтүүнү каалагандарын түшүндүргөн Мехметбейоглу, фестивалга жергиликтүү жана чет элдик 50 миң кишинин катышаарын күткөндөрүн билдирди.

Мехметбейоглу бүгүн баштала турган жана үч күнгө созула турган фестивалга ар кимди чакырды.

 



Тектеш кабарлар