Москвада салттык түрк өнөрү көргөзмөсү ачылды
Иш чарада эбру, каллиграфия, килем, кийиз жана башка салттык түрк өнөрлөрү таанытылды.
Орусиянын борбор шаары Москвада салттык түрк өнөрү көргөзмөсү ачылды.
Түркия - Орусия маданият жана туризм жылынын негизинде Түркиянын Москвадагы элчилиги жана Москва Юнус Эмре Институтунун кызматташуусу менен уюштурулган көргөзмөгө Түркиянын Москвадагы элчиси Мехмет Самсар жана көп сандаган түрк жана орус өнөр сүйүүчүлөр катышты. Иш чарада эбру, каллиграфия, килем, кийиз жана башка салттык түрк өнөрлөрү таанытылды.
Элчи Самсар бул жерде сүйлөгөн сөзүндө кол өнөрүнүн Осмон мамлекети мезгилинде абдан бай жана түрдүүлүккө ээ болгондугун белгилеп : «Бир элдин маданий байлыгынын эң терең жана эң маанилүү үлгүлөрү кол өнөрү»,- деди. Көргөзмөгө катышкан Варвара Любенская Түркияны абдан жакшы көргөндүгүн айтып, мындай иш чаралардын дагы көп өткөрүлүшүн суранды.
Екатерина Кулинич болсо түрк маданият жана тарыхынын бай экендигин баса белгилеп : «Түркияга бир канча жолу бардым. Стамбул, Анталия, Анкараны кыдырдым. Түркияда кээде кичинекей бир көчөнүн да өзүнчө сулуулугу бар»,- деди.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.