Түштүк Кореяда эбру өнөрү таанытылды
Global Harmony фестивалында Юнус Эмре Институту ачкан стендде салттык түрк эбру өнөрү таанытылды.
![Түштүк Кореяда эбру өнөрү таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/42f8/449c/63d5/5ce27ce4c1e54.jpg?time=1718407030)
Түштүк Кореяда Соннам муниципалитети тарабынан бул жылы сегизинчиси өткөрүлгөн Global Harmony фестивалында Юнус Эмре Институту ачкан стендде салттык түрк эбру өнөрү таанытылды.
Түркия стендин кыдыргандардын арасында орун алган Соннам муниципалитетинин төрагасы Ын Су Ми салтка айланган фестивалдын катышуучу өлкөлөрдүн салымы менен мыкты өткөндүгүн белгилеп : «Дос жана бир тууган өлкө Түркияны да шаарыбызда тосуп алуу биз үчүн бир бакыт»,- деди.
Кытай, Вьетнам, Япония, Индия, Польша, Гана Филиппиндер жана Монголия сыяктуу өлкөлөрдөн катышуучулар да фестивалда ачкан стенддер менен келгендерге маданияттарын таанытуу мүмкүнчүлүгүн тапты.
Юнус Эмре Институтунун стендинде Троя жана Памуккале менен бирге Түркиянын башка маданий мурастары да таанытылып, эң чоң кызыгууну эбру өнөрү көрдү.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718407030)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718407030)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.