Москва эл аралык кинофестивалы аяктады

Мыкты тасмалар сыйлык менен сыйланды.

1190539
Москва эл аралык кинофестивалы аяктады

 

Түркия ардактуу конок катары катышкан 41-Эл аралык Москва кинофестивалы аяктады.

Баш калаа Москвадагы фестивалдын жабылышынан улам Россия театрында азем өткөрүлдү.

Кинофестивалдын жетекчиси Никита Михалков иш-чаранын маанисине басым жасап: «7 күндө 64 өлкөдөн 347 кинотасма көрсөтүлдү, фестивалга орто эсеп менен 60 миң көрүүчү байкоо салды»,-деди.

Михалков катышуучуларды куттуктап, карьераларында ийгилик каалады.

Фестивалда «Золотой Святой Георгий» сыйлыгын казакстандык режиссер Фархат Шариповдун «Жеке өнүгүү» аттуу киносу алды.

Кытайлык режиссер Чжан Чинин «Жаңырыктын артынан» аттуу киносу калыстар тобунун атайын сыйлыгына ээ болду.

Фестивалдын эң мыкты режиссер сыйлыгын италиялык Валерио Мастандреа «Күлкү» киносу менен алды.

Эң мыкты эркек актер сыйлыгын финляндиялык Томми Корпела алса, эң мыкты аял актриса сыйлыгы Соха Ниасатиге берилди.

Ал эми эң мыкты даректүү тасма сыйлыгын норвегиялык Питер Соммердин «Анткени эркекпиз» аттуу тасмасы алды.

Эң мыкты кыска метраждуу кинотасма сыйлыгы француз Дельфина Делогеттин «Жолборс» аттуу киносуна берилди.



Тектеш кабарлар