ТРТ жана ТИКА Балкан өлкөлөрүнүн медиа мүчөлөрүн окутууда
Балкан өлкөлөрүнөн Түркияга келген медиа мүчөлөрүнө борбор шаарда медиа сабактары берилүүдө.
![ТРТ жана ТИКА Балкан өлкөлөрүнүн медиа мүчөлөрүн окутууда](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/da28/ba38/8ec3/5c7f97491162e.jpg?time=1718512988)
Түркиянын Радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги башкармалыгынын (ТИКА) кызматташуусунда Балкан өлкөлөрүнөн Түркияга келген медиа мүчөлөрүнө борбор шаарда медиа сабактары берилүүдө.
ТИКАнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда Медиа техникалары боюнча билим берүү программаларынын (METEP) алкагында Босния-Герцеговина, Черногория, Сербия жана Хорватиядан келген 25 кишилик алгачкы топ билим алууларын бүтүрүп сертификаттарын алды.
Медиа мүчөлөрүнө операторлук, жарыктандыруу, үн режиссерлугу жана визуалдык медиа информатика технологиялары темаларындагы билим берүү программалары ТРТ имаратында теориялык жана практикалык түрдө түшүндүрүлүүдө.
Ушул айдын акырына кадар улана турган программада мурдагы Югославиянын дээрлик бардык аймагынан бардыгы 95 медиа мүчөсүнүн билим берүүгө катышуусу күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718512988)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718512988)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.