Мавританиялык Түркия университеттерин бүтүрүүчүлөр...
Түркиянын Маариф фондунун Мавританиядагы директорлугу берген таңкы тамакта жолуккан бүтүрүүчүлөр, мавритан жана түрк ыкмасындагы тамак аштар орун алган таңкы тамакта даам сызышты.
Түркиядагы ар кайсы университеттерди бүтүргөн мавританиялыктар, Түркиянын Маариф фондунун Мавритания директорлугунун кожоюндугунда борбор шаар Нуакшотто жолукту.
Түркиянын Маариф фондунун Мавританиядагы директорлугу берген таңкы тамакта жолуккан бүтүрүүчүлөр, мавритан жана түрк ыкмасындагы тамак аштар орун алган таңкы тамакта даам сызышты.
Бурсадагы Улудаг университетинде менеджемент билимин алган Кадри Хамади, Түркияда абдан жакшы достуктарды курганын айтты.
Мавританияга кайтканда жолдоштору менен байланыштары үзүлбөгөнүн жана эки өлкөнүн ортосундагы соода иштерин жүргүзүп жатканын белгилеген Хамади, Түркиянын барынан мурда табиятын, музыкаларын жана тамактарын сагынганын түшүндүрдү.
Таңкы тамактан кийин Түркиянын Маариф фондунун мектептерин кыдырган бүтүрүүчүлөр, бул мектептердин Мавританиядагы эң мыкты мектептер болгонун айтышты.
Мавританиялык «Түркия бүтүрүүчүлөрү» кийинчереек кайра жолугууну убадалашып кайтышты.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.