Германиядагы жарманкеде Түркия таанытылат

6-мартта ачыла турган туристтик жарманке 10-мартка чейин уланат.

1157236
Германиядагы жарманкеде Түркия таанытылат

Дүйнөдөгү эң ири жана эң маанилүү туристтик жарманкелердин бири болгон Германиядагы Берлин эл аралык туризм биржасы жарманкесине Түркия калың топ менен катышып, ыңгайлуу эс алуу мүмкүнчүлүктөрүн, маданий жана тарыхый баалуулуктарын тааныштырат.

Түрк туризмчилеринин жарманкедеги иш аракеттери Түркиянын «2019-жылы 50 миллион турист» максатына чоң салым кошоору күтүлүп жатат.

Дүйнөдөгү эң престиждүү жарманкелердин арасында турган Берлин эл аралык туризм биржасы жарманкеси 6-мартта 53-жолу каалгаларын ачат. Түрк туризмчилер жарманкеде Маданият жана туризм министрлиги тарабынан ижарага алынган 2 миң чарчы метрдик аянтта өз ордун алат. Туризмчилер Түркиянын эң маанилүү рынокторунун бири болгон Германиянын туризм рыногуна жана берки өлкөлөрдөн келе турган конокторго Түркия тууралуу маалымат беришет.

2019-жылга карата божомолдоолордо Түркияга Германиядан келе турган туристтердин санында өсүү күтүлсө, туризмчилердин жарманкедеги иш аракеттеринин Түркиянын 2019-жылдагы 50 миллион турист максатына салым кошоору көздөлүп жатат.

Греция, Италия, Испания сыяктуу өлкөлөргө салыштырмалуу арзан баада эс алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган Түркиянын маданий жана тарыхый баалууктары туристтерди өзүнө тартууда.  

6-мартта ачыла турган жарманке 10-мартка чейин уланат.



Тектеш кабарлар