Түрк илимпоздорунун ийгилиги
Түрк илимпоздору,
Түрк илимпоздору, бикуспидалдык жүрөктүн клапандары орун алган жана жүрөктөн чыккан артерия кан тамырында (aort anevrizması) көбүкчөлөр пайда болгон бейтаптарга, жабык ыкма менен биологиялык жүрөк клапаны жана кан-тамыры тагылган алгачкы операцияны ишке ашырды.
Анкара университетинин медицина факультетинин жүрөк жана кан-тамыр хирургиясы кафедрасынын окутуучусу Доц. Др. Серкан Дурду, аорта аневризмасында жабык хирургия менен бирге атайын анестезия ыкмасын ишке ашырып, бул тармакта жаңы операцияны ишке ашыргандарын айтты.
Дурду, жүрөк жана кан-тамыр хирургиясы жагынан дүйнөдө саналуу борборлордо эмчектин астынан кичине кесип минималдык инвазивдик ыкмасын ишке ашыра баштаганын айтты.
Доц.Др. Дурду, университеттердин да бул борборлордон бири болгонун жана ушул убакка дейре аты аталган ыкма менен 500дөй операцияны ишке ашыргандарын билдирди.
Бардык көрсөткүчтөрү илимий макала түрүндө даярдалган жана эл аралык журналдарда жарыяланышы үчүн чет өлкөгө жиберилген операциянын бул жаатта дүйнөдө алгачкы жаңылык экени белгиленди.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.