Дүйнөлүк радио күнү
13-февраль дүйнөлүк радио күнү
1946-жылы 13-февралда Бириккен Улуттар Уюмунун радиосу негизделди. Кийинчерээк бул күн ЮНЕСКО тарабынан Дүйнөлүк радио күнү катары белгилене баштады. Тарых бою эң таасирдүү, оңой табылган радио уктуруулары маанисин бүгүнкү күндө да жоготпой, арттырууда. БУУнун милдети болуп эсептелген дүйнөдөгү кагылышуулар, жарандык согуштар жана согуш болуп жаткан жерлерди, качкындар үчүн эң ылдам маалыматтандыруу аппараты жөнөкөй батарейка менен иштеген радио болду. ЮНЕСКО дүйнөнүн ар башка жериндеги угармандарга туура, сапаттуу жана ишеничтүү маалыматтарды бериш үчүн радиону колдонду жана эми бул күндү майрамдап, шыктандырууда. Радионун гуманитардык жардам максаты менен колдонула алышы үчүн БУУнун «radio-in-a-box» ишке ашыруусу таасирдүү түрдө колдонулууда.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.