Эрдоган Барыш Манчону эскерди

Президент Режеп Таййип Эрдогандын Твиттерден бөлүшүүсү...

1137263
Эрдоган Барыш Манчону эскерди

Президент Режеп Таййип Эрдоган,искусство чебери Барыш Манчону дүйнөдөн кайтышынын 20-жылында эскерди.

Эрдоган, Барыш Манчонун каза болушунун 20-жылдыгы боюнча Твиттер барагынан бөлүшүүсүндө, Манчонун фотосүрөтү менен «Бир мен бармын, менин жан дүйнөмдө, менден ары жакта, мага караганда» деген сөздөргө орун берди.

Президент Эрдоган: «Музыка дүйнөбүздүн даанышманы жана легендарлуу ысымы, 7ден 77ге чейин ар кимдин көңүлүндө ар түрдүү жана атайын орунга ээ болгон Барыш Манчону дүйнөдөн кайтканынын 20-жылында таазим кылып, урматтоо менен эскеремин»,-деп жазды.

 


Этикеткалар: #Эрдоган , #Барыш Манчо

Тектеш кабарлар