Фотожурналист Ара Гүлер дүйнөдөн кайтты
Ара Гүлер, Стамбулдагы ооруканада дарыланып жаткан жеринде көз жумду.
![Фотожурналист Ара Гүлер дүйнөдөн кайтты](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/8177/7c85/52db/5bc825fcdfd15.jpg?time=1718951663)
Дүйнөгө таанымал фотожурналист Ара Гүлер, Стамбулдагы ооруканада дарыланып жаткан жеринде көз жумду.
Уинстон Черчил, Ганди, Салвадор Дали, Пикассо сыяктуу ондогон инсандан алган интервьюлары менен таанылган Гүлер, фотожурналист катары 4 согушка күбө болду. Тарткан фото сүрөттөрү дүйнөлүк деңгээлдеги газета журналадарда жарыяланган Гүлердин бир сүрөтү Таймс газетасынын башкы бетине басылды.
Гүлер, сүрөт чеберлери тарабынан дүйнөнүн эң мыкты 7 сүрөтчүсүнүн бири болууга талапкер көрсөтүлдү.
Ара Гүлер сүрөткө алган инсандардын арасында президент Эрдоган да бар. Президент: "Обьективине түшүү бактысы буйурду, Чебер Уста",- деди жана Гүлерди ар дайым сый урмат менен эскерээрин терең кайгыруу менен көңүл айтты.
90 жашында дүйнөдөн кайткан Гүлердин жаназа зыйнаты ишемби күнү Бейоглу Үч Хоран армиян чиркөөсүндө өтөт жана жерге берилет.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718951663)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.