Түрк аба жолдорунун учактарынан TRT World көрсөтүлөт

Түрк аба жолдору каттаган 122 өлкөнү TRT World каналынын обьективдүү, көз карандысыз жана альтернативалык көз карашы менен тааныштырат.

1065570
Түрк аба жолдорунун учактарынан TRT World көрсөтүлөт

Түрк аба жолдору учактарында көрсөткөн түз эфирден телеберүүлөрүнө Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТнын) англис тилинде эфирге чыккан эл аралык кабар платформасы «TRT World» каналын кошту.

Түрк аба жолдору каттаган 122 өлкөнү TRT World каналынын обьективдүү, көз карандысыз жана альтернативалык көз карашы менен тааныштырат.

Бул тема тууралуу маалыматында ТРТнын башкаруу кеңешинин төрагасы жана башкы директору Ибрахим Эрен, дүйнөдөгү маалыматтарга жетүүнүн жана бул темада жаңы маалыматтарды алып туруунун маанилүү экенин айтты.

Бул актуалдуу маалыматтардын жүргүнчүгө көрсөтүлүшүндө булактардын түрдүүлүгүнүн ар башка көз карашты камтуусу абдан маанилүү экенин билдирген Эрен: «Дүйнөдөгү маалыматтардын TRT Worldдун башкача көз карашы менен жүргүнчүлөргө жеткирилишине кошкон салымдарынан улам Түрк аба жолдоруна ырахмат айтабыз»,-деди.

2015-жылы берүүсүн баштаган жана борбору Стамбулда орун алган эл аралык кабар платформасы TRT World, глобалдык жана өлкө ичиндеги иш-чараларга альтернативалык көз карашты сунуштайт. Кабылданган түшүндүрүүлөрдү бузуп, тарапсыз кабарга муктаж болгон жаңы көз карашты сунуштайт.

Түрк аба жолдорунун учактын ичиндеги көңүл ачуу системасынын жүргүнчүлөргө спутник аркылуу түз эфирден көрсөтүлгөн TRT World менен катар 8 каналы бар.



Тектеш кабарлар