Африкалык медиа кызматкерлери Түркияда билим алууда

ТИКА жана ТРТ, медиа тармагындагы тажрыйбаларын Африка өлкөлөрүнүн медиа мекемелери менен бөлүшүүдө.

1023413
Африкалык медиа кызматкерлери Түркияда билим алууда

Түрк кызматташтыгы жана координация агенттиги башкармалыгы (ТИКА) жана Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) медиа тармагындагы тажрыйбаларын Африка өлкөлөрүнүн медиа мекемелери менен бөлүшүүдө.

ТИКАнын жазуу түрүндөгү жарыясына караганда ТИКА жана ТРТнын кызматташтыгындагы долбоордо Африка өлкөлөрүнөн редактор, режиссер жана продюсерлер ТРТнын Башкы директорлугуна келип тармагында адистешкен кишилердин тажрыйбаларынан пайдаланышууда.

Долбоордун алкагында ТРТнын тажрыйбалуу кызматкерлери, телеберүү жана радио программасы, чыгарылыш, камера жана жарыктандыруу темаларындагы тажрыйбаларын теория жана практикалык билим берүүлөр менен чет элдик кесиптештерине үйрөтүүдө.

Анкара радиосунун студияларын кыдырып көргөн африкалык радиочулар, радио берүүлөрү тууралуу кызыккан темалырн үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн таап, медиа башкаруучулары болсо телеберүү студияларында түрк калкынын экрандарда көргөн түркүн түстүү кишилер менен жолугуп тажрыйбаларын бөлүшүүдө.

Жарыяда, «ТИКА жана ТРТ биргелешип 2018-жылдын ичинде ушул убакка дейре Намибия, Гамбия, Замбия, Эфиопия, Түштүк Судандан 75 медиа кызматкерине тыгыз программанын коштоосунда практикалык билимдер берилди»,делди.

Билим берүү программасына катышкан Нмибиянын мамлекеттик берүү мекемесинен София Гленда: «Билим алуу биз үчүн абдан маанилүү болуп саналат. ТРТ күчтүү кадр жана базиске ээ. Камера жана жарыктандыруу темасында жаңы техникаларды үйрөндүм. ТРТ жана ТИКАга ырахматымды айтамын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар