Түркиянын Сафранболу шаарына туристтер чубап келүүдө...

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана «эң мыкты корголгон 20 шаарынын» арасында орун алган Сафранболуга Ыраакы Чыгыштан миңдеген турист келүүдө.

1022126
Түркиянын Сафранболу шаарына туристтер чубап келүүдө...

Түркиянын Карабүк облусунун Сафранболу районуна Ыраакы Чыгыштан чоң кызыгуу болуп жатат.

ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесинде орун алган жана «эң мыкты корголгон 20 шаарынын» арасында орун алган Сафранболуга Ыраакы Чыгыштан миңдеген турист келүүдө.

Осмондук архитектурасы, шаар турмушу жана маданиятын чагылдырышынан улам «Осмондуктун бармак издери» деп аталган, ал убактан калган сарай, мончо, конак, чорго, мечит жана көпүрөлөрү менен ачык асман астындагы музейди элестеткен Сафранболуга, жылдын биринчи жарымында конуп кетиш үчүн орто эсеп менен 80 миң турист келди.

Инжекая суу кемери, Түркиянын эң узун үңкүрлөрүнөн бири болгон Менжилис үңкүрү, айнек панорама терассасы, каньондору жана табияты менен туризмдин тартуучу жерлеринен бири болгон тарыхый район, алгачкы 6 айда 53 миңдей жергиликтүү туристти тосуп алды.

Тарыхый районго 6 айда эң көп турист келген 10 өлкө катары менен Кытай, Тайван, Америка, Индонезия, Япония, Малайзия, Таиланд, Англия, Германия жана Орусия болду.

Сафранболуга жылдын биринчи жарымында 56 өлкөдөн турист келди.



Тектеш кабарлар