Эл аралык гастрономия фестивалы Газиантепте өтөт

Фестивалда дүйнөгө таанымал ашпозчулар шаарга таандык даамдарды тартуулашат.

1018320
Эл аралык гастрономия фестивалы Газиантепте өтөт

Газиантеп мэриясы тарабынан уюштурулган «Эл аралык гастрономия фестивалы» 20-22-сентябрь күндөрүндө болот.

Быйыл биринчиси өтө турган фестивалда дүйнөгө таанымал ашпозчулар шаарга таандык даамдарды тартуулашат.

БУУнун Билим берүү, илим жана маданият уюмунун (ЮНЕСКО) Чыгармачыл шаарлар түйүнүндө 116 шаардын арасына кирген бул шаар, Газиантепти өнүктүрүү фондунун координациясында, мэриянын жетекчилигинде, Газиантеп соода палатасы, Газиантеп өнөр жай палатасы, Газиантеп соода биржасы, райондук муниципалитеттер жана тийиштүү мекемелердин салымы менен тамак-аштарын жана маданий баалуулуктарын тааныта бермекчи.

Дүйнөгө таанымал ашпозчулар менен жергиликтүү өндүрүүчүлөр жолугуп, Газиантепке таандык даамдар тартуулана турган фестивалга ар кайсы аймактардан да өкүлдөр келишет.

Жергиликтүү тамак-аштар таанытыла турган Эл аралык гастрономия фестивалында шаардын ашкасына кайрадан баа берилет.



Тектеш кабарлар