Британияда түрк аял архитекторго сыйлык берилди

Түрк архитектор Зейнеп Икбал түрк маданият борборунун проектиси менен Британия мураскер принци Чарльздан сыйлык алды.

1015422
Британияда түрк аял архитекторго сыйлык берилди

 Түрк архитектор Зейнеп Икбал түрк маданият борборунун проектиси менен Британия мураскер принци Чарльздан сыйлык алды.

Принц Чарльздын жетекчилигиндеги Prince’s School of Traditional Arts’тагы магистр программасын Лондондо бир түрк маданий борборун долборлоо менен аяктаган Икбал проектиси менен Галлер принци Чарльз сыйлык берген 3 окуучунун арасына кирди.

«Хайат» аттуу долбоору жана колдонгон миниатюра  техникасы менен сүрөт тартуу тармагына берилген Кайрос сыйлыгына ылайык көрүлгөн Икбал проектси орун алган көргөзмөдө эмгектери жана ээ болгон сыйлыктары тууралуу маалымат берди.

2012 -  жылы Вена техникалык университетинин архитектура бөлүмүн бүтүргөндөн кийин 3 жыл Стамбулда осмондук архитектурасы тууралуу эмгек жараткандыгын айткан Икбал андан кийин Ел – Бухари стипендиясы менен Лондондогу Prince’s School of Traditional Artsта магистр программасында окугандыгын айтты. Икбал : «Проектимде геометрияны колдонуу менен долбоорлоо жана сүрөттөрүм менен сыйлык алдым»,- деди. Принц Чарльздын проектисиндеги  Изник кафелдерине абдан чоң кызыгуу көрсөткөндүгүн айткан Икбал : «Архитектура тууралуу сүйлөштүк. Азыркы күндөгү архитектурада салттык өнөрлөр унутулуп баратат. Мен буга көңүл буруу менен тарткан сүрөттөрүмдү принц Чарльз абдан жактырды»,- деди.

Лондондо түрктөр көп  жашаган Далстон району үчүн долбоорлогон маданият борбору проектисинин турмушка ашырылышын каалашкандарын айткан Икбал : «Мунун алдына чыгышы мүмкүн болгон бир гана тоскоолдук финансылык тоскоолдук»,- деди.



Тектеш кабарлар