Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин жаштар жайкы окуусу аяктады

Түркстан шаарында  Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин жаштар жайкы окуусунун 4 –аяктады.

1014192
Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин жаштар жайкы окуусу аяктады

Казакстандын Түркстан шаарында  Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин жаштар жайкы окуусунун 4 –аяктады. Окууга жалпы 388 студент катышты.

18-июлдан 15-августка чейин «Ахмет Яссави» атындагы казак-түрк университетинде уюштурулган жайкы окууга Түркиянын 50 жогорку окуу жайынан 208 студент келсе, Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан жана Өзбекстандан 180 студент катышып, жалпы 388 катышуучуну түзүштү.

Бир айга созулган окууда Өзбекстандан, Казакстандан жана Кыргызстандан келген окуучулар түрк тилин үйрөнүшсө, Түркиядан келгендер казак жана орус тилдерин окушту. Студенттер үчүн ар кыл тармактагы семинарлар, спорт, музыка жаатындагы программалар өттү. Мындан тышкары түркиялык студенттер үчүн Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнө саякат уюштурулду.  

Белгилей кетсек, Түрк дүйнөсүндөгү университеттердин жаштар жайкы окуусу «Ахмет Яссави» университетинде 2015-жылдан бери уюштурулуп келет.



Тектеш кабарлар