Орусиялык ырчы Москванын көчөлөрүнө түрк желегин көтөрүп чыкты

Ал дүйнө чемпионатына катышкан ар кайсы өлкөнүн күйөрмандарынын арасына кошулуп кызыктуу көрүнүштөрдү жаратты.

997454
Орусиялык ырчы Москванын көчөлөрүнө түрк желегин көтөрүп чыкты

Орусиялык ырчы Звезда, өлкөсүндө өтүп жаткан Дүйнөлүк кубоктун оюн-зоокторуна түрк желегин көтөрүп жана колунда дарбука менен катышты.

Түркия сүйүүсү менен көңүлдөрдү бурган орусиялык ырчы Звезда, баш калаа Москванын көчөлөрүндө көңүл ачкан ар кайсы өлкөнүн күйөрмандарынын арасына кошулуп кызыктуу көрүнүштөрдү жаратты.

Дарбуканын негизинде түрк музыкасына кызыккан жана андан соң түркчө үйрөнүп Түркияда албомун чыгарган Звезда, дүйнө чемпионатына катышпаган Түркияны: «Менин досторум мына Түркия келди, бул жерде Москвада...» деп өкүлдүк кылууга аракет кылды.

Москванын көчөлөрүндө дарбука черткен ырчы менен ар кимдин сүрөткө түшүп жатканы байкалды.

Орусиялык жана берки чет элдик телеканалдарга да маек куруп берген Зведа, Түркияны абдан жактырганын жана Дүйнөлүк кубокко катыша албаганы үчүн капа болгонун, Түркиянын жоктугун сездирбеш үчүн да ушундай жолду тандаганын айтты.



Тектеш кабарлар