Эгейде майрамдан улам бош орун калбай калды
Эгей деңизинин жээгинде Орозо Айт майрамы берекети.
![Эгейде майрамдан улам бош орун калбай калды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/ad09/7a61/fe63/5b1e63616b954.jpg?time=1718898785)
Эгейдин бермети Бодрум, Мармарис, Ортажа, Ула жана Фетхиедеги отелдерде Орозо Айт майрамына карата брондоолордун негизинде бош орун калбай калды.
Түркиянын 1 миң 484 километрдик эң узун жээк тилкесине ээ болгон, деңиз, кум жана күн менен катар ар башка цивилизациялардын издерин камтыган Мугла жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көздөгөн жерлери болуп саналат.
Рамазан майрамы мектептер тараган мезгилде туш келгендиктен Мугланын жалпысындагы туристтик жайлардын бардыгы 100 пайыз толуп калды. Көп талап болгону үчүн айрым саякат фирмалары аймакка кошумча каттамдарды киргизишти.
Күн, кум жана деңиз менен катар табияты, суу спорттору, тарыхы, пляждары менен жыл сайын жүз миңдеген жергиликтүү жана чет элдик туристтерди тосуп алган Мармаристеги отелдер да Орозо Айт майрамынан улам эс алуучуларга толуп калды.
Тектеш кабарлар
![Грецияда Кападокия таанытылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/1333/820e/6183/666a90f706c75.jpg?time=1718898785)
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
![Бодрумда суу астындагы парк ачылды](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/fd4a/b595/ae6d/6669ac2dabb12.jpg?time=1718898785)
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.