Бүгүн Ислам дүйнөсү Кадыр түндү тосот

Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын дин кызматтары башкы директорлугу, Кадыр түндөн улам ар түрдүү иш-чараларды уюштурат.

989607
Бүгүн Ислам дүйнөсү Кадыр түндү тосот

Ислам дининде миң айдан дагы пайдалуу деп кабыл алынган Кадыр түн рамазандын 27-түнү болгон бүгүн белгиленет.

Ислам дининде Курани Карим түшүрүлө баштаган кадыр түн, «Асман каалгалары ачылган, дуба жана тообо кылуулар кабыл алынган куттуу түн» деп кабыл алынса, Курани Каримде аты аталган жалгыз түн катары орун алган.

Курани Каримдин Кадыр сүрөөсүндө бул түн мындай түшүндүрөлөт: «Шексиз биз аны (Куранды) Кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түнүнүн эмне экенин сен кайдан билмек элең. Кадыр түн миң айдан дагы пайдалуу. Периштелер жана Рух (Жабраил) ошол түндө, Жараткандын уруксаты менен ар түрдүү иш үчүн түшүп, түшө берет. Ал түн таң жеринин агарышына чейин эсендик болуп саналат».

Түркиянын Дин иштери башкармалыгынын дин кызматтары башкы директорлугу, Кадыр түндөн улам ар түрдүү иш-чараларды уюштурат.

Денизлиде Памуккале университетиндеги «Ахмет Хулуси Эфенди» мечитинде, Анкарадагы Бештепе «Миллет» мечитинде, Стамбулдагы Женнет мааласындагы «Явуз Селим», «Фатих»,Ташолуктагы «Йешил» мечиттеринде жана Коньядагы «Султан Селим» мечиттериндеги атайын программаларда Курани Карим жана мавлит окутулат.



Тектеш кабарлар