Орусияда Түркия көргөзмөсү

Көргөзмө 20-июлга чейин уланат.

987101
Орусияда Түркия көргөзмөсү

Орусиянын борбор шаары Москвадагы «Горки» паркта, Түрк аба жолдору менен «National Geographic Traveler» журналынын кызматташтыгында даярдалган «Түркия-Өмүрдүн таттуусун сезгиле» аттуу фотосүрөт көргөзмөсү ачылды.

Түркиянын Орусиядагы элчиси Хүсейин Дириөз ачылыштагы сөз сүйлөсүндө, Түрк аба жолдорунун Орусия менен Түркиянын ортосундагы достук көпүрөнү күчтөндүрүүнү улантканын баса белгилеп: «Москва сыяктуу кооз шаардын бул өтө папулярдуу паркында Түркиянын таанытылып жатканына абдан сыймыктануудабыз»,-деди.

Түрк аба жолдорунун Орусиядагы башкы директору Мефаил Дерибаш да Түрк аба жолдорунун Орусияда эң көп жерге учкан чет элдик авиакомпания экенин эске салып: «Өлкөбүздүн баалууктарынын таанытылышына чоң маани беребиз. ФИФАнын 2018-жылкы Дүйнөлүк кубогуна кожоюндук кылып жаткан Орусиянын борбордук аянтында өтүп жаткан бул көргөзмө аркылуу бир гана орус жарандарына эмес, дүйнөнүн төрт тарабынан келген чет өлкөлүктөргө да Түркияны таануу мүмкүнчүлүгүн тартуулап жатабыз»,-деп айтты.

Түрк таттуулары менен түрк музыкасы да конокторго тартууланып жаткан көргөзмө, 20-июлга чейин уланат.



Тектеш кабарлар