Кудста эң чоң шам чырак жагылды...

Чыгыш Кудстун эң чоң шам чырагы жарыктандырылды.

974967
Кудста эң чоң шам чырак жагылды...
kudus kandil yuruyusu2.jpg
kudus kandil yuruyusu1.jpg

Рамазан айынан улам көчөлөрү жарык нурлары менен кооздолгон басып алуу астындагы Чыгыш Кудстун эң чоң шам чырагы жарыктандырылды.

Басып алуу астындагы Чыгыш Кудста палестиналык бала жана жаштар, рамазан айынан улам шаар менен бүтүндөшкөн иш-чаранын алкагында шам чырактар менен байыркы шаардын көчөлөрүн кыдырып тарыхый «Бурч Лак-Лак» коомдук борборунун бахчасында курулган чоң шам чыракка дейре басышты.

Акса мечитинде Тарава намазы окулгандан кийин басып алуу астындагы Чыгыш Кудстун чептер менен курчалган байыркы шаардагы Шам каалгасы, Сахире каалгасы, Жаңы каалга менен Хареми Шарифтин Мажлис каалгасынан өткөн палестиналык балдар жана жаштар, колдорундагы шам чырактар менен байыркы шаардын көчөлөрүн кыдырышты.

Андан соң катышуучулар «Бурч Лак-Лак» коомдук борборунда курулган 11 метр бийиктиктеги эң чоң шам чырактын чөйрөсүндө чогулушту.

Палестиналыктар нур чагылдырылган чоң шам чырактын жанында уюштурулган иш-чара менен рамазан айынын атмосферасын моокум кангыча жашоо мүмкүнчүлүгүн табышты.

«Бурч Лак-Лак» коомдук борборунун жоопту кызматкерлери тарабынан калың топко кайрылган жарыяда, бул иш-чара менен АКШнын Кудста элчилик ачышы жана Израилдин Кудсту жөөттөштүрүү саясаттарын ылдамдатышына каршы ыйык шаардын Араб-Ислам өздүгүнүн сакталышы максаталаны айтылды.

Чоң шам чырак рамазан айы бою жарыктандырылат.



Тектеш кабарлар