«Хырка-и шариф» зыяратка ачылды

«Хырка-и шариф» (Пайгамбарыбыздын ыйык чапаны) Рамазан айы бою көрсөтүлөт.

974039
«Хырка-и шариф» зыяратка ачылды
sakal-i serif.jpg

Мухаммед Пайгамбарыбыздын керези боюнча Вейсел Караниге калтырылган ыйык аманаттардын бири болгон жана Рамазанда зыяратка ачылган «Хырка-и шариф» (Пайгамбарыбыздын ыйык чапаны) чоң кызыгуу жаратууда.

Бул Ыйык аманат, Рамазан айы бою Стамбулдун Фатих районундагы Хырка-и шариф мечитинде көрсөтүлөт.

Хырка-и Шарифти көрүү үчүн узун кезектерди түзгөн жарандардын айрымдары көз жаштарын тыя албады.

Ыйык аманатты иш күндөрү саат 10.00дон 18.00ге чейин, дем алыш күндөрү болсо саат 09.00дан 18.00ге чейин көрүүгө болот. 

Зыяраттар арапа күнүнө чейин уланат. Хырка-и Шариф Кадыр түнү болсо тараба намазынан кийин саат 02.30га чейин зыярат кылынса болот.

Зыяратка баргандар Пайгамбарыбызга таандык Сакал-и Шарифти да көрө алышат.

Оңдоп-түзөө иштери жарым жартылай аяктаган Хырка-и Шариф мечитинин ибадатка ачылышынын да келээрки күндөрдө өткөрүлүшү пландалууда.



Тектеш кабарлар