«Этноспорт маданият фестивалынын» үчүнчүсү кечээ Стамбулда башталды

Йеникапы аянтында 5 күн улана турган фестивалда Түрк дүйнөсүнө, Орто Азия жана Анадолуга таандык шаң-шапат, оюн зооктор көрсөтүлөт.

968310
«Этноспорт маданият фестивалынын» үчүнчүсү кечээ Стамбулда башталды

Дүйнөлүк Этноспорт конфедерациясы тарабынан уюштурулган «Этноспорт маданият фестивалынын» үчүнчүсү кечээ Стамбулда башталды.

Салттык спорт тармактарынын таанытылышы, профессионалдашуусу жана олимпиадаларга даярдалышы максатында ишке ашырылган фестивалда, бири-биринен ийгиликтүү жана жөндөмдүү бир топ спортчу өз өнөрлөрүн көрсөтөт жана тарых жанданат.

Йеникапы аянтында 5 күн улана турган фестивалда Түрк дүйнөсүнө, Орто Азия жана Анадолуга таандык шаң-шапат, оюн зооктор көрсөтүлөт. Фестивалда салттык түрк спорттору менен катар салттык кыл чатырларларда жайлоо жашоосу, тарыхый кол өнөрчүлүк, кылыч-калкан шоу көрсөтүүсү, атчандардын оюн зооктору сыяктуу иш-чаралар орун алууда.

Фестиваль, түрк тилдүү мамлекеттердин жана боордош коомчулуктардын чатырлары, жергиликтүү чатырлар, салттык даамдар, салттык балдардын оюндары, балдардын театрлары, балдар жана чоңдор үчүн атка минүү, элдик оюндар, Орто Азия салттык тойлору менен шаңга бөлүнөт.

Иш-чараларда салттык спорттордон аба күрөшү, шалвар күрөшү, кушак күрөшү, мас күрөшү, фетих майлуу күрөштөрү, атчан жаа атуу, атчан найза ыргытуу, көкбөрү, чүкө атмай оюндары, мангала, салттык жөөчөн жаа атуу, ителги жарышы жана Ябусане (Япон атчан жаа атуу спорту) болуп бардыгы 13 тармакта 883 спортчу таймашууда.

Фетих майлуу күрөштөрүндө 45и баш балбан болуп бардыгы 300 спортчу эр жарыш аянтына чыгат.

Фестивалда майып атуулдар катыша турган  мангала жана салттык жаа атуу жарыштары да өткөрүлөт.



Тектеш кабарлар