23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамы Анкарада ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленип жатат

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы балдарга арналган жалгыз майрам болуп саналат.

956974
23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамы Анкарада ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленип жатат

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы жана ошондой эле Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 98 жылдыгы бүтүндөй өлкөдө жана чет өлкөдөгү өкүлчүлүктөрдө ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленүүдө.

1920-жылы 23-апрелде улуттук эгемендигибиздин символу болгон ТУУЖдун түзүлгөн күнүн Гази Мустафа Кемал Ататүрк, майрам катары кабыл алып келечектин кепилдиги болгон балдарга арнады.

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы балдарга арналган жалгыз майрам болуп саналат.

Улуттук билим берүү министри Исмет Йылмаз, 23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамынан улам балдар менен бирге Аныткабырга зыярат кылды.

23-Апрель Улуттук Эгемендик жана Балдар майрамы жана ошондой эле Түркия Улуттук Улуу Жыйынынын (ТУУЖ) ачылышынын 98 жылдыгынан улам Парламенттеги Ататүрктүн эстелигинин алдында азем уюштурулду.

Аземде ТУУЖдун төрага милдетин аткаруучу Ахмет Айдындын Ататүрктүн эстелигине кызыл жана ак гвоздика гүлдөрүнөн турган гүлчамбар коюушунан кийин таазим кылынып, Улуттук гимн ойнолду.

Аземге вице-премьер жана өкмөт катчысы Бекир Боздаг, улуттук билим берүү министри Исмет Йылмаз, эмгек жана социалдык коопсуздук министри Жүлиде Сарыероглу, өнүгүү министри Лүтфү Элван, жаштар жана спорт министри Осман Ашкын Бак, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын фракциясынын жетекчи  милдетин актаруучу Бүлент Туран, ТУУЖдун Төрагалык президиумунун мүчөлөрү, эл өкүлдөрү менен ТУУЖдун администрациялык кызматкерлери катышты.

Майрамдан улам бир күн бою Анкарада ар түрдүү иш-чаралар уюштурулат.

Президент Режеп Таййип Эрдоган, Бештепедеги улуттук маданият жана конгресс борборунда өтө турган ТРТнын 23-апрель гала программасына катышат.

ТУУЖдун Жалпы жыйыны да атайын күн тартип менен чогулат.

Кечинде парламент төрагасы Исмаил Кахраман тарабынан Парламентте рецепсия берилет.

Аныткабыр да бир күн бою келгендерге ачык болот.

1979-жылдын ЮНЕСКО тарабынан «балдар жылы» жарыяланышы менен бирге бул майрам эл аралык мүнөзгө ээ болду.

Ататүрктүн балдарга арнаган 23-апрелде, 1979-жылдан бери Түркия радио-телеберүү мекемеси ТРТ тарабынан салттык түрдө 23-апрель балдардын фестивалы уюштурулуп келет, бир жумага созулган иш-чаралардын алкагында дүйнөлүк балдар Түркияга чакырылууда.



Тектеш кабарлар