Троя балдардын бийчи топторунун фестивалы башталды

«Эл аралык 1-Троя балдардын элдик бийлери фестивалы» башталды.

956720
Троя балдардын бийчи топторунун фестивалы башталды

Чанаккале фольклордук изилдөө коому тарабынан уюштурулган «Эл аралык 1-Троя балдардын элдик бийлери фестивалы» башталды.

Чанаккале губернаторлугу менен Маданият жана туризм облустук директорлугу салым кошкон фестивалдын ачылышынын себебинен жээк көчөсүндө азем өткөрүлдү.

Аземге Чанаккаленин губернатору Орхан Тавлы, губернатор орун басары жана Эжеабад акими Туран Йылмаз,облустук маданият жана туризм директору Кемал Докуз, облустук коопсуздук директору Желал Сел, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын облустук жетекчиси Гүлтекин Йылдыз, Чанаккале шаардык кеңешинин төрагасы Энгин Кандемир, район жана жергелердин мэрлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен көп сандаган атуул катышты.

Аземден кийин ишке ашкан жүрүшкө протоколдун мүчөлөрү коштоп жүрүштү.

Жүрүштөн кийин кортеж Мораббин сейил багынын Чаглар Кайнак баскетбол аянтына жеткенде фестивалга катышкан бий топтору өз өнөрлөрүн көрсөтүштү.

980 окуучу активдүү түрдө катышкан фестивал 24-апрелге дейре уланат.

Фестивалга Түркиядан 10 мектептен жана 20 өлкөдөн бийчи топтору катышууда.



Тектеш кабарлар