Эл аралык 23-Апарель Балдар фестивалына 40 өлкөдөн 800 чакты бала катышууда
Быйыл 40-жолу уюштурулган Эл аралык 23-Апрель Балдар фестивалына 40 өлкөдөн 800 чакты бала катышууда.
Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ), Ататүрктүн дүйнөлүк балдарга арнаган 23-Апрель Улуттук эгемендик жана балдар майрамын жыл сайын шаң-шапат менен белгилеп келет.
Быйыл 40-жолу уюштурулган Эл аралык 23-Апрель Балдар фестивалына 40 өлкөдөн 800 чакты бала катышууда.
ТРТ, жүрөктөрү сүйүүгө толгон дүйнөлүк балдарды 40 жыл бою чогултуусун улантууда.
Шаң-шапаттардын галасы үчүн Анкарага келген балдардын алгачкы аялдамасы ТРТ болду.
Балдар ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрендин дүйнөлүк балдарга: «Бул жерге өз өлкөлөрүнөн келген бардык конок балдар фестивалыбыз аркылуу эми Түркияда бирден үй-бүлөгө ээ болушту. Мындан ары сиздер ыктыярдуу тынчтык жана маданият элчилери болуп саналасыздар. Бири-бириңиздин колун достук менен кармап жана эч качан кое бербеңиздер, бул жерде күйгөн туугандык отун дүйнөлүк тынчтык үчүн эч өчүрбөңүздөр»,-деди.
Улуттук кийимдери менен өз маданияттарынан үлгүлөрдү таратуулаган 800 конокко белектер берилди.
Андан соң баары бирге тамактанышты.
Балдардын бүгүнкү программасы Ататүрктүн мавзолейи Аныткабырга зыярат кылуу менен башталат.
800 бала мамлекеттин жетекчилигине барып алар менен учурашат.
Президенттик Комплексинде боло турган галага катышып дүйнөгө тынчтык, эркиндик, туугандык жана достук билдирүүсүн жөнөтүшөт.
Аземдин алып баруучулугун болсо «Айла» тасмасы менен жүрөктөрдөн түнөк тапкан кореялык кыз бала жылдызы Ким Сеул кылат.
Тектеш кабарлар
Грецияда Кападокия таанытылды
Иш чарага Грециянын туризм агенттиктери жана басма сөз өкүлдөрү катышты.
Бодрумда суу астындагы парк ачылды
BEAP суу астындагы парктын 1-этап ачылышы Битез жээгиндеги Гөрежек аралында өткөрүлдү.