23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамы Анкарада иш-чаралар менен белгиленип жатат

Быйыл 40-жолу уюштурулган Эл аралык 23-Апрель Балдар фестивалына 40 өлкөдөн 800 чакты бала катышууда.

956797
23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамы Анкарада иш-чаралар менен белгиленип жатат

Түркия радио жана телеберүү мекемеси (ТРТ), Ататүрктүн дүйнөлүк балдарга арнаган 23-Апрель Улуттук эгемендик жана Балдар майрамын жыл сайын шаң-шапат менен белгилеп келет.

Быйыл 40-жолу уюштурулган Эл аралык 23-Апрель Балдар фестивалына 40 өлкөдөн 800 чакты бала катышууда.

Бурсада айрым иш-чараларга катышкан балдар андан соң Анкарага келишти.

ТРТнын башкы директору Ибрахим Эрен, Анкарага келген улуттук ийимчен 800 баланы тосуп алды. Балдар менен бирге Аныткабырдын арстандуу жолунан басып барып Ататүрктүн мавзолейине гүлчамбар коюшту.

Аныткабирдин атайын китебине кол койгондон кийин сөз сүйлөгөн Ибрахим Эрен: «Келечегибиздин кепилдиги болгон балдарыбыздын жүрөктөрү мекен жана улут сүйүүсүнө толгон, милдет жана жоопкерчиликтерине чын жүрөктөн берилип жетилүүлөрү маанилүү милдеттерибиздин арасында турат. ТРТ катары дүйнөлүк балдар менен бирге бул жакшы майрамды ошондой эле кубаныч менен майрамдоону улантабыз»,-деди.

Андан соң Ибрахим Эрен, Аныткабырда балдар менен бирге эстелик сүрөтүнө түштү.

«Айла» тасмасы менен таанылган кореялык бала жылдыз Ким Сеул да Аныткабырга зыярат кылган балдардын арасында эле. Түркияны абдан жактырганын айткан Сеул, тууган өлкөдөн келгенин жана фестивалга катышкандыгы үчүн бактылуу болгонун түшүндүрдү.

Сеул, Президенттик комплексиндеги галада да алып баруучулук кылат.



Тектеш кабарлар