Стамбулда Ясмин Хамдандын концерти болот

Эмгектенүүлөрүн Франциянын борбор калаасы Парижде уланткан ливандык ырчы Ясмин Хамдан, 24-апрелде «Жемал Решит Рей» концерт залында сахнага чыгат.

953528
Стамбулда Ясмин Хамдандын концерти болот

Фольк-электрондук музыкалары, өзгөчө вокал түшүнүгү менен көңүл бурган ырчы жана сөз жазуучусу Ясмин Хамдан, Стамбулдук музыка сүйүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулайт.

Эмгектенүүлөрүн Франциянын борбор калаасы Парижде уланткан ливандык ырчы Ясмин Хамдан, 24-апрелде «Жемал Решит Рей» концерт залында сахнага чыгат.

Концертте электрондук жана эстрадалык элементтерди араб музыкасы менен бириктирген Хамданды гитарда Седрик Ле Ру, барабанда Лоик Маурин жана клавиатурада Конг Минь Фам коштойт.

Жим Жармуштун Оскар талапкердүү «Бир гана ашыктар калат» аттуу тасмасында ырдаган ыры менен кеңири эл массасына таанылган Ясмин Хамдан, профессионалдуу музыка турмушун 2000-жылдардын башында Soapkillsтин вокалисти болуп баштаган.

Алгачкы альбомун «Я. Насс» деген аталышта чыгарган Хамдандын үчүнчү альбому «Аль Жамилат» өткөн жылы музыка сүйүүчүлөргө тартууланды.



Тектеш кабарлар