Балдардын майрамына карата иш-чаралар ар кайсы шаарларда өтүп жатат

Чет өлкөлүк окуучулар Билежикте өз өлкөлөрүнө таандык элдик бийлерин тартуулашты.

953986
Балдардын майрамына карата иш-чаралар ар кайсы шаарларда өтүп жатат

Түркия радио-телеберүү мекемеси (ТРТ) тарабынан уюштурулган «23-апрель балдардын эл аралык фестивалы» быйыл Бурсада өткөрүлөт.

Фестивалдын иш-чараларына катышкан чет өлкөлүк окуучулар Билежикте өз өлкөлөрүнө таандык элдик бийлерин тартуулашты.

«Шейх Эдебали» атындагы маданият жана конгресс борборунда өткөрүлгөн иш-чарада, түркиялык окуучулар менен катар Болгария, Ооганстан жана Гвинеядан келген окуучулар элдик бийлерин аткарып беришти.

Бир саат бою өз өнөрлөрүн тартуулаган топтор, иш-чараны көргөнү келген элдин кызыгуусун тартты.

Иш-чара ТРТнын балдар каналынын мультфильм каармандары тартуулаган программадан кийин аяктады.

 



Тектеш кабарлар